АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Киссинжер 100 жашында дүйнө салды
Маалыматка ылайык, ал 29-ноябрда АКШнын Коннектикут штатындагы үйүндө көз жумган.
Генри Киссинжер 1960-1970-жылдары АКШнын ошол кездеги президенттери Ричард Никсон менен Жералд Форддун тушунда тышкы саясат боюнча кеңешчи, андан кийин мамлекеттик катчы болуп иштеген.
Ал Вьетнамдагы согуштун аякташына, АКШ менен Советтер Союзунун ортосундагы чыңалган абалды жайгарууга чоң салым кошкон. Андан тышкары Кытай менен алаканын жакшырышында да негизги ролду ойногон.
1973-жылы Нобель тынчтык сыйлыгын алган. Кызматтан кеткенден кийин да дүйнөдөгү ондогон лидерлерге “геосаясий кеңештерди” берүүнү уланткан. (BTo)