Алматыда хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду
Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянып жазды.
Алдын ала маалыматта, үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы хостелди өрт чалган. Анда 72 киши болгон. Алардын ичинен 59 адам өз алдынча качып чыгып, калгандары түтүнгө ууланып калган. Дагы үчөө ооруканага жеткирилди.
Өрттү өчүрүү үчүн 13 техника тартылып, 46 өрт өчүрүүчү иштеди. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери иликтенүүдө.
Август айында Алматыда 16 кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган өрттөн бир аял каза таап, 40тан ашуун адам жабыркаган. Бул окуядан кийин өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталышы боюнча талкуулар күчөгөн. (BTo)