Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттө үч жашар бала мерт болду
“Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн. Батирдин балкону толук өрттөнүп, анын кесепетинен 2020-жылы туулган бала мерт болду”,-деп жазылган маалыматта.
Өрттүн тутанган себеби такталып жатат.
Былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым үч миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калган.