"Настоящее Время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко каза болду
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жеффри Гедмин Ануфриенконун жакындарына көңүл айтты.
"Кесиптешибиздин өлүмү мени кайгыга салды. Биз Олегдин кесипкөйлүгүн, боорукерлигин, эркин жана демократиялуу дүйнөнүн идеяларына берилгенин эстеп жүрөбүз. Анын туугандарына жана досторуна көңүл айтабыз",- деп жазды Гедмин.
"Азаттыктын" жамааты Олег Ануфриенконун жакындарына кайгыруу менен көңүл айтат.