Ош мэриясы өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу түшүндүрмө берди
Бул өтмөк шаардагы негизги Масалиев көчөсүндөгү жол тыгынын алдын алуу максатында быйыл майда курула баштаган. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген. Бирок курулушу толук аяктай элек. Азыр өтмөктүн төрт тарабына лифт орнотуу иши жүрүп жатат.
Курулушка шаардык казынадан 45 миллон сомдон ашык каражат сарпталган. Аны тендерден уткан “Сапат курулуш” жооперчилиги чектелген коому курган.
Мэрия өтмөк азырынча мекеменин балансына өткөрүлө электигин билдирди.
4-августта да Ошто жер үстүнөн жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулуп жаткан учурда анын тирөөчтөрү урап түшкөн. Курулушту жүргүзүп жаткан компаниянын өкүлү муну техникалык мүчүлүштүк деп түшүндүргөн.(DSh)