Ливиядагы сел 5000ден ашуун кишинин өмүрүн алды
Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай уюмдарынын Ливиядагы өкүлү Тамер Рамадан Женевадагы брифингде кырсыктын масштабы чоң экенин эл аралык жардамга муктаждык бардыгын белгиледи.
10-сентябрда Ливиянын түндүк-батышын "Даниэл" куюну (циклон) каптап, катуу нөшөр жааган. Натыйжасында дарыялардагы суу нугунан чыгып, Дернадагы эки дамба жырылып, төрт көпүрө жарактан чыккан.
Ливиянын улуттук армиясынын командачысы Халифа Хафтар башкарган чыгыш аймактары убактылуу өкмөттүн көзөмөлүндө эмес.