Президент төрт судьяны дайындап, эки талапкердин материалдарын артка кайтарды
Эки талапкер боюнча материалдар кеңешке кайтарылды.
Президенттин жарлыгына ылайык, Нурила Култаева Өзгөн райондук сотуна, Элмира Карабекова Кара-Кулжа райондук сотуна, Жолдошбек Кумашев Ош шаардык сотуна жана Дамир Молоев Бишкек шаардык сотуна судья болуп барышты.
Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн.
Азыркы Конституцияга ылайык, президенттин бул жааттагы ыйгарым укугу бир топ кеңейген. Президент Сот адилеттиги боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди парламентке сунуштайт, андан кийин беш жылдык мөөнөткө дайындайт. (КЕ)