Эстония менен Латвия орус номурлуу автоунаалардын киришине тыюу салды
Мындай чечим Еврокомиссиянын сунушунан кийин кабыл алынды. Ага ылайык Евробиримдиктин аймагына Орусияда каттоодон өткөн менчик автоунаалардын кириши "мыйзамсыз импорт" деп саналат.
8-сентябрда Еврокомиссия Евробиримдиктин аймагына кире тургандар үчүн нускамаларды жаңылаган. Маалыматка караганда, орусиялыктарга булгарыдан жасалган буюм-тайымдарды, компьютерлерди жана башка электрондук каражаттарды, тазалык буюм-тайымдарын алып өтүүгө тыюу салынган.
Кийинчерээк жеке тазалык каражаттарын же кийим-кечени чек арачылар өткөрө берсе болору белгиленген.