Добавить новость
World News





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Мамлекеттик сыйлык алгандар жана коомчулукта сындалгандар

Эгемендик күнүнө карата ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды 12-сентябрда президент Садыр Жапаров "Ала-Арча" резиденциясында тапшырды.


Мамлекеттик сыйлык алган 400дөн ашуун адамдын катарында коррупцияга айыпталып, айып пул төлөп чыккандар, мамлекет башчыга жакын адамдар да бар экени коомчулукта талкууга алынууда.


"Өмүрү өрнөк инсандар"

Эгемендик майрамын утурлай президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 450гө чукул адамга эң жогорку "Манас", "Даңк", "Эрдик" орден-медалдары баштаган мамлекеттик сыйлыктар берилген. Анын алдында үч адамга - кыргыз медицинасынын түптөөчүлөрүнүн бири Иса Ахунбаев (1908 - 1975), мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркулов (1912 – 1992) жана Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановго (1943–1991) көзү өткөн соң “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылды.


Айрым көзү өткөн инсандарга мамлекеттик жогорку деңгээлдеги сыйлыктарды ыйгаруу себебин мамлекет башчы төмөнкүдөй түшүндүрдү:


"Чындыгында эле бул ысымдар мүлдө кыргыз журтчулугуна кеңири белгилүү экени талашсыз. Жогоруда айтканымдай, ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу, соңку тарыхта Кыргызстандын жүзүн, тагдырын, болмушун аныктай турган, жаркын келечекке багыттай турган өмүрү өрнөк инсандар – дал ушул аталарыбыз", - деди Жапаров.


Көзү өткөндөн кийин сыйлангандардын арасында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда көз жумган бир нече аскер кызматкери да бар.


Президенттин жарлыгынын негизинде жогорку даражадагы "Манас" ордени Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы Сабырбек Жумабековго, кинорежиссёр, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга, академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевге берилди.




II жана III даражадагы "Манас" орденин алгандар арасында Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, драматург Меңди Мамазаирова, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, альпинист Эдуард Кубатов, эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов жана башкаларды көрүүгө болот.




Б.Н. Ельцин атындагы Славян университетинин профессору Нелли Ахунбаева "Курманжан Датка" ордени менен сыйланса, жазуучу, драматург Султан Раевге "Данакер" ордени берилди.



"Даңк" ордени 13 кишиге ыйгарылган. Арасында "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев, Жогорку Кеңештин төрага орун басары Нурбек Сыдыгалиев, президенттин кеңешчиси Марат Турсунбеков да бар.


Куудул Абдылда Иманкуловго Эл артисти наамы ыйгарылган.




Бул кишилердин эл алдындагы эмгеги бааланды деп оңунан баалагандар көп болууда.Бирок мамлекеттик сыйлык алгандардын арасында бир канча убакыт мурдагы эле оор кылмыштарга айыпталып, бюджетке каражат төлөп кутулгандардын болгону суроо жаратты.


"Алдамчылыкка" шек саналган ишкер

Мамлекеттик сыйлык алгандардын катарында эки жыл мурда алдамчылыкка айыпталып, мамлекеттик казынага 60 млн сом төккөнү кабарланган ишкер, “Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Бальян да бар. Аны мамлекет башчы Садыр Жапаров “Даңк” ордени менен сыйлады.


Президенттин 31-августту утурлай Генрих Бальянга "Даңк" орденин ыйгаруу тууралуу кол койгон жарлыгында "Илим, билим берүү жана саламаттык сактоо, мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатында, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, ошондой эле өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка тарбиялоого сиңирген өзгөчө эмгеги, Кыргыз Республикасында спортту жана туризмди илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга сиңирген эмгеги үчүн" сыйланганы жазылган.


Алдамчылыкка шектелип камалып, кайра коё берилген ишкердин "Даңк"орденине татыганы коомчулукта кыйла талкуу болду.


Активист Тыныстан Асыпбеков Фейсбуктагы баракчасына президент Садыр Жапаровдун Бальяндын ишин сындап, аны шылуундукка айыптаган сөзүн жана 12-сентябрда сыйлык тапшырган учурдагы тасмаларын коюп, "Бул жагы кандай болуп калды? Кечээ алдамчы, бүгүн сыйлуу кишиби?" деп жазды.






“Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Бальян 2021-жылы июнь айында алдамчылыкка шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан кармалып, камакка алынган. Атайын кызмат ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыя алганын билдирип, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” деген беренесинин негизинде иш козгогон. Көп өтпөй УКМК Бальян мамлекеттик казынага 60 миллион сом төккөнүн маалымдаган.



Биринчи Май райондук соту үй камагына чыгарган Бальяндын кылмыш иши боюнча андан ары расмий маалымат жок. УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыктын" бул тууралуу суроосуна жооп бере элек.



Кылмыш иши козголгондон эки жыл өтпөй, мамлекеттик жогорку сыйлыктардын бири - "Даңк" орденине татыган Генрих Бальян шылуундукка айыпталып кармаларда Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу башкы консулу болуп турганы да белгилүү эле.



Коррупция жана саясат маселелери боюнча талдоочу Эркайым Мамбеталиева Кыргызстанда башкаруу этикасы сакталбай калганын белгиледи:


"Этика менен коррупция ээрчишип жүрөт. Этика сакталбаган, тебеленген жерде коррупция гүлдөйт. Бул жерде да ошондой. Кечээ эле өздөрү коррупцияга шектүү деп жаткан адамдарды бүгүн жогорку мамлекеттик "Даңк", "Манас" сыйлыктарын берип жатса, катардагы мамлекеттик кызматкерден "коррупциядан алыс бол, этиканы сакта" деп, кантип талап кыла алат? Албетте, талап кыла албайт. Ошондуктан майда, "күнүмдук" коррупциянын деңгээли өсө берет. Себеби этиканын пайдубалы - жетекчинин өз иши менен көрсөткөн үлгүсү".


"Даңк" медалын алган Марат Турсунбеков

Президент Жапаровдун колунан "Даңк" медалын алгандардын бири - мамлекет башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси Марат Турсунбеков. Ал август айында ишке кирди деп айтылып жаткан "Жыргалаң" көмүр шахтысына инвестиция салган ишкер катары айтылып жүрөт. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Турсунбековго таандык "Бизнес Инвест Компаниге" Жыргалаң көмүр кенин иштетүү үчүн 1,7 миллион доллар жеңилдетилген насыя берилгенин маалымдаган.


Марат Турсунбеков Жыргалаңды каржылаган инвестор экенин "Азаттыкка" ырастап, бирок канча суммада инвестиция салганын айткан эмес.




Президент Садыр Жапаров 6-августта "Кабар" маалымат агенттигине 12 жылдан бери казылбай турган "Жыргалаң" көмүр кенинин ишке кириши тууралуу түшүндүмө берген. Анда Жыргалаңды Марат аттуу бизнесмен иштетип жатканын, ага Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген насыя берилгенин айткан.






Марат Турсунбеков 2021-жылдын аягында түзүлгөн президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча дирекциясынын башчысы да болуп дайындалганы белгилүү. Бул ишкана Бишкектеги жаңы Ак үйдү курары маалымдалган.



Эгемендик күнүн утурлай мамлекеттик сыйлык алгандардын арасында Марат Турсунбековдун жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова да бар. Мамлекеттик "Ардак грамотага" татыктуу болгон депутат айым кайсы эмгеги үчүн сыйланганы тууралуу маалымат жок. Лурова парламентке "Ынтымак" партиясынын тизмесинде шайланып келген. Ал быйыл "Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартканын билдирип, журналисттердин назарына илинген.



Лурова менен катар эле мамлекеттик сыйлык алгандардын ичинде Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев баштаган бир катар депутаттары, Жогорку Соттун төрагасы да бар.



Мамлекеттик сыйлыктарды өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата, Жаңы жыл, 8-март, Конституция күнүндө жана ар кайсы кесиптик майрамдарга туштап берүү салты тунгуч президент Аскар Акаевден бери келе жатат. 2011-жылы бийликке келген президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды оңду-солду таратууга каршылыгын билдирип, убактылуу мораторий кийирген эле. Бирок анын бийликтен кетиши менен мораторий жоюлуп, "сыйлык таратмай" салты уланды.



Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга ылайык, сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштамаларды өлкө президентине Жогорку Кеңеш, өкмөт, Жогорку сот, президенттик аппарат жана башка мамлекеттик мекемелер, Акыйкатчы, кесиптик кошуундар бере алат.



Сунуштамаларды Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия карап, баа берет жана президентке сунуш киргизет.



Соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга же ардак наамдарга сунуштоого жол берилбейт.

Загрузка...

Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net