Азербайжан Лачын коридорун кайрадан жапканын билдирди
Кызыл чырым уюму Лачын коридору менен гуманитардык жүк гана өткөрүлөрүн билдирүүдө. Уюм жергиликтүү тургундарга медициналык каражаттар жеткирилерин, аны улантууга уруксат берүү керектигин айтып жатат.
Кийинчерээк Кызыл чырымдын жетекчилиги төрт жалданма айдоочу уюмдун логотиби убактылуу чапталган жеке автоунааларында коммерциялык жүк ташууга аракет кылганын, алар менен кызматташуу келишими дароо токтотулганын маалымдады.
Ереван буга азырынча комментарий бере элек.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун киши жер которгон. Андан бери да ортодо кандуу кагылыштар болуп келатат.