Чаткалда адам атууга шек саналган тургун эки айга камалды
Учурда бул фактыны тергеп-иликтөө жүрүп жатат. Милиция ок атууга жеткен окуя тууралуу кеңири маалымат берген жок.
Айрым маалыматтарга караганда, жараат алган жана ок чыгарган адам дагы уюшкан кылмыш тобуна тиешеси болгон. Бул маалыматты милиция азырынча ырастай элек.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул тушта 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17синин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.