Министрдин орун басары кыздарды сыртка чыгаруу боюнча сунуш даярдалып жатканын айтты
Ал коомчулукта бул боюнча көп талкуу болуп жатканын белгиледи.
Депутат Шайлообек Атазов кыздарды сыртка чыгарууга тыюу салбай, алар кайсы өлкөгө, кандай максатта бара жатканын көзөмөлдөө керек деген оюн айтты. Буга чейин депутат Надира Нарматова 23 жашка чейинки кыздарды сыртка чыгарууга тыюу салууну сунуштап, коомчулуктун сынына кабылган.
2022-жылы Атазов 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүү керек деген демилге менен чыгып, ага каршы акция өткөн. Анын катышуучулары миграцияга кетип жаткан кыздар тууралуу депутаттын айтканын кескин сындап, мандатын тапшырууну талап кылышкан.
Кыргызстанда мыйзам боюнча 18ге чыккан адам өлкөдөн ээн-эркин чыгып-кирүүгө укуктуу. (TSh)