Аксыда милиция жана чек ара кызматкерлери аткезчиликке шек саналып кармалды
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында уурдалган малдын коңшу өлкөгө өткөрүү аракеттери көбөйүп кеткендигине байланыштуу укук коргоо органдарынын иши текшерилген. Натыйжада аталган кызматкерлердин бул ишке катыштыгы бар экендиги аныкталган.
"Чек ара бөлүктөрүндө жана кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү маалында чоң суммадагы акча, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалып турган эл керектөөчү товарлар жана бодо мал табылган. Мындан сырткары суммасы 1 миллион 200 миң сомдук 31 куту тамекини мыйзамсыз ташып бара жаткан автоунаа кармалган", - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.
Ички иштер министрлиги, Аксы райондук милиция бөлүмү жана Чек ара кызматы УКМКнын маалыматына комментарий бере элек. (ErN)