Израилдин президенти Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барат
Херцогдун Тель-Авивдеги кеңсеси билдиргендей, ал президент Илхам Алиев менен "эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүнү" талкуулайт.
Херцог Бакуда Израил мамлекетинин 75 жылдыгына арналган иш-чарага да катышмакчы. Медицина тармагында тыгыз кызматташуу боюнча келишимге кол коюу да пландалууда.
Калкынын көбүн мусулмандар түзгөн Азербайжан март айында Тель-Авивде элчилигин ачкан. Израилдин Бакуда элчилиги 1993-жылдан бери иштейт.