Гаагадагы нааразылык акциясында 1500дөн ашуун активист кармалды
Полициянын маалыматына караганда, алар демонстранттарды таратуу үчүн суу аткычтарды колдонууга аргасыз болгон. Митингчилердин көбү сууга түшүүчү костюмдар жана кол чатыр менен келгени кабарланды.
Extinction Rebellion кыймылы акцияга жети миңдей адам катышканын билдирди. Полициянын маалыматына караганда, 1579 адам кармалган. 40 активистке вандализм боюнча кылмыш иши козголду, алардын иши сотто каралат.
Нааразылык акциясына чыккандардын арасында Game of Thrones сериалында Мелисандранын ролун ойногон Карис ван Хаутен өңдүү таанымал кишилер да жүрдү.
Extinction Rebellion радикал-экологиялык кыймылы климатты коргоо боюнча түрдүү акцияларды уюштуруп келет.