Добавить новость
World News





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


"Батуминин" саясатташкан чыры жана чыгымы

Бишкектеги “Батуми” кафесинин айланасындагы чыр боюнча кылмыш иши козголду. Калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев атайын кызматка сурак берип, келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилди. 


Бул маалымат коомчулуктун бүйүрүн кызытып, талаш-тартыш жаратты. Айрымдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматты "мэриянын ишине кийлигишти" деп сындаса, башкалары шаар бийлиги ишкерлердин укугун бузуп жатканын белгилешүүдө.


26-майда Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев “Батуми” ресторанынын бузулушуна байланыштуу УКМКда сурак берип, атайын кызмат ага кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.


“Батуми” кафесин бузууда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуу ордуна демонтаж ишин уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды. Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Нурдан Орунтаев тергөөгө келүү убадасы менен бошотулду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда”, - деп айтылат маалыматта.




УКМК вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгону белгилүү болду. 


Вице-мэр Нурдан Орунтаев жана мэриянын басма сөз кызматы бул боюнча азырынча комментарий бербей турганын билдирди.


“Батуминин” ээси буга чейин ресторанды бузуудан 9 миллион сомго жакын зыян тартканы үчүн атайын кызматка жана Башкы прокуратурага арыз бергени кабарланган.


Анткен менен мүлккө байланыштуу чырга өлкөнүн коопсуздугуна жооп берген атайын кызматтын аралашканын сындагандар да болууда.


Жарандык активист Айбек Теңизбаев "Батуминин" ишине прокуратура жана сот реакция кылышы керек болчу деген пикирде. 


“УКМКнын кийлигишүүсүн мен мамлекетти башкаруу системасындагы чоң кемчилик катары баалап жатам. Бул ишке прокуратура, сот органдары баа бериши керек деп ойлойм. Бирок Кыргызстандагы реалдуулук ушундай, маселе бир-эки адамдын тегерегинде чечилип жатат. Ошол себептүү буга прокуратура же сот эмес, УКМК чекит койгондой болду. Система туура эмес болгондуктан ушундай кадамдар болду деп ойлойм. Демек, мунун артында чоң кызыкчылыктар, чоң таасирлер бар”.


Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев вице-мэрди жактап Фейсбук баракчасына пост жазды. Ошол эле маалда УКМК жетекчисин да сындаган жок. 




“Президент кимге тапшырма берсе, ал аткарылууга тийиш. УКМК төрагасына, өкмөттүн орун басарына тапшырма бергени президенттин эрки жана ал аткарылышы керек. Мисалы, мэрге тапшырма бериши керек эле да. Демек, мэрге ишенбейт.  УКМКнын төрагасына тапшырма берип, "эмне болуп жатканын карап келчи" деген. Бул туура. Нурдан Орунтаевдин кылганы да 100% туура. Себеби, мэр өзү орун басарларына "шаарды тазалагыла" деп тапшырма берип жатат. Анын негизинде Орунтаев өзүнүн жумушун кылды. “Батуми” кафесине 10-15 күн мурда эскертүү берилген экен. Сенин жериңе каалаган киши келип эле курулуш жүргүзө берсе болбойт да. Орунтаевдин иши мыйзамдуу болгон, бирок анын аткарылышы мыйзамсыз болуп калышы мүмкүн. Балким сотко бериш керек беле билбейм”, - деди Түлөбаев "Азаттыкка".


Расмий маалымат боюнча, 2004-жылы “Эстаунд” ишканасы Бишкек мэриясы менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 1300 метр жерди он жылга убактылуу пайдалануу боюнча келишим түзгөн. Компания ал жерге автоунаа токтотуучу жай курмак. 2017-жылы келишим беш жылга узартылып, 2018-жылы “Эстаунд” кичи соода рыногун курууга уруксат алган. 2020-жылы кафе салууга уруксат берилген.



Мэрия “Эстаунд” жеңил конструкция менен курулуш курууга уруксат алып бирок капиталдык курулуш жүргүзгөнүн, андан тышкары автоунаа токтотуучу жерге имарат түшкөнүн билдирген. Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы быйыл 2-майда “Эстаунд” менен келишимди узартуудан баш тарткан жана ресторанды бузуу тапшырмасын берген.


Нурдан Орунтаев буга чейин "Азаттыкка" мэрия ресторанды буза турганын 17-майда эле эскерткенин, бирок ээси талапты аткарбай койгонун айткан.


“Биздин ишибиз мыйзамдуу. Комиссиянын чечими бар, ижаранын мөөнөтү да бүткөн. Ал жер болсо муниципалдык жер. Биз барып бирөөнүн мүлкүн басып алган жокпуз, аша чаап да кеткен жокпуз. Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Биз болгону ишибизди кылып атабыз”, - деген ал.


“Эстаунд” компаниясы болсо ижара келишими боюнча 2004-жылдан бери жылына 339 миң сомдон салык төгүп келатканын, 19 жылда жердин ижарасы үчүн 7 миллион сомго жакын каражат төлөгөнүн билдирген. 2021-жылдын май айынан баштап ай сайын товар жүгүртүүдөн 300 миң сом төгүп турган. Кафеде 50гө жакын адам иштеген.


Юрист Бакыт Жумашев бул окуяны мэриянын шалаакылыгынан, таза иштебегенинин айынан болду деп эсептейт. Мындай сынды ал ишкердин менчикке болгон укугу бузулганы менен негиздеди. 


“Негизи келишимди карап көрүү керек. Келишимде "сот чечими жок эле объекти демонтаж кылганга болот" деген пункттар болсо ал башка кеп. Бирок объект курулгандан кийин соттун чечиминин негизинде бузулушу керек. Кандай жерге курулбасын анын үстүндөгү мүлк бирөөнүн менчиги. Конституцияда "менчикке мамлекет тарабынан кепилдик берилет" деп жазылып турат. Мыйзам бузуу болсо мэрия эмнеге убагында реакция кылган эмес? Кафе курулганда эле "келишимди буздуңар" деп сотко бербейт беле. Анын ордуна көз жуумп коюшкан да. Аткаруу органдары таза иштесе, талаптарды убагында койсо, эл дагы ошого көнөт. Бирок андай болбой жатпайбы”.




Соңку айларда Бишкек мэриясы кызыл сызыктан чыгып кеткен дүкөндөрдү, мыйзамсыз коюлган көрнөк-жарнактарды алдырып жатат. Бул иштер айрым учурда нааразылык жаратып, ишкерликке кысым катары бааланууда. 


Жарандык активист Айбек Теңизбаев мындай учурда мамлекет адилеттүү болуп, башка ишкерлерге да чыгымын төлөп бериши керек деген пикирде.


"Мисалы, Манас көчөсүндөгү дүкөндөрдү конструкцияга бөлүп, өз-өзүнчө алган жок да. Дароо эле сындырып, бузуп, тазалап салышты. УКМКнын логикасы менен карай турган болсок, мэрия эми ал ишкерлерге дагы чыгымын төлөп бериш керек".


Вице-мэр Нурдан Орунтаев буга чейин "Азаттыкка" берген комментарийинде жыл башынан бери Бишкекте 3 миңге жакын мыйзамсыз курулуш буздурулуп, көрнөк-жарнактар алынганын билдирген.


Өткөн жылы сентябрда мэрия Шүкүров көчөсүндөгү кызыл тилкеден ашыра куруп алган үйлөрдүн тосмолорун бузган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык деген үйдүн дарбазасы да сүрдүрүлгөн.




 


Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net