Аксыда сел жүрүп, чатырларды шамал учурду
Бүгүн, 20-май күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Авлетим айыл аймагындагы үч, Кызыл-Туу айыл аймагындагы эки айылда турак жайларды жана тамаркаларын суу каптаган.
Мындан сырткары Кара-Жыгач аймагында Дардак-Дөбө участкасында эки турак үйдүн чатырын шамал учуруп, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы айылдарды кыдырып жүрөт.
Мекеменин эсебинде, Жалал-Абад облусундагы сел, жер жана кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар болушу мүмкүн болгон аймактарда кеминде 1160 үй-бүлө жашайт. (TB)