Түркияда шайлоонун экинчи туру 28-майга белгиленди
14-майдагы шайлоонун жыйынтыгында азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган 49% көбүрөөк добуш алды. Анын негизги атаандашы, оппозициялык блоктон ат салышкан Кемал Кылычдароглуну шайлоочулардын 45% жакыны колдоду. АТА альянсынан чыккан Синан Оганды колдогондор 5% көбүрөөк болду. Ал эми шайлоонун алдында жарыштан чыгарын жарыялаган Мухаррем Инже 1% жетпеген добуш топтоду.
Буга чейин талапкерлер шайлоочуларга кайрылып, шайлоо экинчи айлампага калганын билдиришкен.
Түркиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет.