Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду
Менделеев атындагы эл аралык олимпиада жыл сайын өткөрүлөт. Ага КМШ, Балтика жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн окуучулары катышып, химия предмети боюнча билимин сынашат.
Кыргызстандык 12 окуучу быйыл февралда физика, математика жана информатика боюнча Казакстанда өткөн эл аралык олимпиадада алтын, күмүш, коло медал жана башка сыйлыктарды утуп алган. (ZKo)