Баңгизат сатууга шек саналган аскер кызматкерлери 18-июлга чейин камалды
Мурдараак Коргоо министрлигинин эки офицери маңзат сатууга шектелип, кармалганын, аларды 6-майга караган түндө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармашканын "Азаттыктын" жеке булактары кабарлаган.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, кармоо учурунда аскер кызматкерлери качууга аракеттенип, милиция курал колдонгон. Шектүүлөр жооп иретинде ок чыгарып, каршылык көрсөтүшкөн.
ИИМдин басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек. Коргоо министрлиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (ZKo)