Конгодо суу каптоодон кеминде 287 киши каза тапты
Президент Феликс Чисекеди 8-майды аза күтүү күнү деп жарыялады. Жабыркагандарга гуманитардык жардамды координациялоо үчүн жерине өкмөт мүчөлөрү аттанууда.
Жаан-чачын мезгили Түштүк Киву регионунда майдын этегине чейин уланмакчы.
Кошуна өлкөлөр да катуу селден жабыркап, Руандада 127 киши, Угандада алтоо каза тапты.