Маңгыстауда айдоочулардын нааразылыгы уланууда
Нааразылык акциясына Маңгыстау облусунан жүздөн ашуун айдоочу катышып жатканын “Азаттыктын” казак кызматына активист жана блогер Бахтияр Дүйсембай билдирди.
Анын айтымында, митингчилер бийликке 11 талап коюп, видеокайрылуу жолдошту. Алар азык-түлүктүн кымбаттыгына, жумушсуздукка, эмгек акынын аздыгына да макул эмес.
Башында айдоочулардын негизги талабы – дизель майынын мурдагы баасын калыбына келтирүү, эл аралык жүк ташууга уруксат алуу эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү экени кабарланган.
Жекшемби күнү акция өтүп жаткан жерди полициячылар көзөмөлдөп, автозактар токтоп турду.
12-апрелде Казакстанда мунай өнүмдөрү кымбаттаган. АИ-92 жана АИ-93 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 182-187ден 205 теңгеге чейин көтөрүлгөн; дизель майынын литри 230-260 теңгеден 295 теңгеге чейин жогорулаган.
Бийлик бензинге жана дизелдик отунга жаңы чекене бааны белгилөө зарылдыгын мунай өнүмдөрүн коңшу өлкөлөргө ташып кетүүнү азайтуу жана ички рыноктогу суроо-талапты канааттандыруу аракети менен түшүндүргөн.