УКМК: Тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды
Ал бир нече адамды “кылмыш жообуна тартам” деп коркутуп, акча талап кылып келгени, бул жолу 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды.
Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму 31-январда былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)