Айыл чарба министрлиги: Таласта төө буурчактын баасы туруктуу
Мекеменин маалыматына караганда учурда төө буурчактын "лопатка" түрүнөн 20 миң тонна, ал эми "томатный" сортунан 30 миң тонна жыйналды. Ал эми "красавчик" жана "ребой" түрлөрү жалпы түшүмдүн 5% түздү.
"Учурда "лопатканын" бир килограммынын баасы 100 сом, ал эми "томатныйдыкы" 65 сомдон бааланууда. Быйыл төө буурчактын баасы кымбаттады",- деп айтылат маалыматта.
Министрликтин билдиришине, Таласта быйыл жалпысынан 54,5 миңден ашык гектар жерге төө буурчак айдалган. Учурда 37,5 миң гектарынан түшүм жыйналып алынды.
Буга чейин Жогорку Кеңеште кымбатчылыкка карабай быйыл төө буурчактын баасы көтөрүлбөй, дыйкандардын мээнети акталбай жатканына байланыштуу маселе көтөрүлгөн.
Төө буурчак - Таласта көп эгилген өсүмдүк. Жылына орто эсеп менен 90 миң тоннанын тегерегинде түшүм өндүрүлөт. Расмий маалыматтарга караганда, облус калкынын 80% төө буурчак менен жан багат.