Түркияда Кыргызстандын Эгемендик күнү белгиленди
Эгемендик күнүн утурлай Невшехир аймагындагы Үчхисар тарыхый мунарасына Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери илинди.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдиргендей, ушул эле күнү Үчхисар районунда "Кыргызстан" деп аталган сейил бактын ачылышы болду.
Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин бири. Өлкөдө учурда 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет. Былтыр эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгына карата Түркияда бир катар иш-чаралар уюштурулган. (ElB)