Кыргызстандын эгемендигине 31 жыл толду
Майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолот. Анын алкагында маданий иш-чаралар, "Ынтымак" фестивалы, боз үйлөрдөн турган айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.
Майрам Улуттук телеканал баштаган айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда түз көрсөтүлөт.
Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.