Венгрия Сербиянын Евробиримдикке мүчө болушун колдойт
“Мен Сербиянын Евробиримдикке мүчө болушун колдойм, бул өлкөнүн артында Батыш Балканы турат”, - деди Орбан.
Сербия Батыш Балкан деп аталган алты өлкө ичинен калкынын саны көп, ири мамлекет. Мурдагы Югославиянын курамындагы Босния жана Герцеговина, Косово, Монтенегро (Черногория), Түндүк Македония, Сербия жана Албания Евробиримдикке мүчө эмес.
Улутчул маанайдагы популист саясатчылар саналган Орбан менен Вучичти демократиялык баалуулуктардан тайып, Орусия менен жакын мамилеси үчүн Брюсселде сындап келишет.
Белграддагы жолугушууда Александр Вучич Виктор Орбанды аймактагы туруктуулукту сактоого салымы чоң экенин белгиледи.