Москвада коронавируска каршы кайра эмдөө башталды
Собянин буга чейин эмдөөдөн өткөн адамдар Москвадагы клиникаларга келип вакцина алса болорун билдирди. Бул үчүн Орусияда өндүрүлгөн Sputnik V жана Sputnik Light вакциналары колдонулат.
30-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин салтка айланган түз эфирде жарандарды вакцина алууга чакырды. Ал өлкөдө милдеттүү эмдөөгө демилгесине каршы экенин, бирок толук карантин киргизбеш үчүн эрежелерди так сактоого үндөгөн.
Соңку күндөрү Орусияда коронавирусту жугузгандар кескин көбөйдү. 1-июлда 23.5 миңден ашык адамдан вирус аныкталды. Орусияда жалпы калктын 10 пайызга жакыны гана эмделди.