COVID-19: Азия өлкөлөрү чектөөлөрдү күчөтүп жатат
Бангладеште расмий эсеп боюнча эле соңку бир суткада 9 миңге чукул жаран коронавирусту жугузуп алганы ырасталса, 115 бейтап көз жумду. Өкмөт "дельта" штаммы тездик менен тарап, ооруканага түшкөн бейтаптардын саны өсүп кеткени үчүн карантин киргизүүгө аргасыз болгонун билдирип жатат.
"Дельтанын" жайылышынан улам калкынын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Индонезияда да жаңы чектөөлөр киргизилди. Бийлик өлкөнүн бир катар аймактарында 2-июлдан 20-июлга чейин карантин чараларын күчөтөрүн жарыялады.
Буга чейин эл аралык адистер "дельта" штаммы жугары менен белгилери тез эле пайда болоорун, өпкө клеткаларын жабыркатарын жана антиденечелерди алсырата турганын эскертишкен. Алар штамм өзгөчө вакцина албагандардын арасында жайылып жатканын белгилешүүдө.
Малайзияда 1-июндан бери дээрлик толук карантин өкүм сүрүп жатат. Тайландда да санитардык эрежелер күчөтүлүүдө. Австралиянын бир нече шаарында кыска мөөнөттүк карантин жарыяланды.
Коронавирустун "дельта" түрү Европа өлкөлөрүн да кооптондуруп жатат.