Ирандын сот системасынын башчысы дайындалды
Аятолла Хаменеи жаңы башкы сотко акыйкат иш алып барып, коррупция менен күрөшүүгө чакырды. Ирандын мыйзамдарына ылайык, жогорку лидердин өлкөдө сот органынын башчыларын, аскер жетекчилерди дайындоого укугу бар.
Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышып, Ибрагим Раиси жеңген. 60 жаштагы Раиси консерватор саясатчы катары белгилүү. Ал байистүү позицияны карманган Хасан Роуханиден президенттик ыйгарым укукту кийинки айда өткөрүп алат.