Беларус: журналистке "чыккынчылык" боюнча айып тагылды
Андрей Александров жана сүйлөшкөн кызы, активист Ирина Злобина быйыл январда кармалган. Аларга коомдук иш-чараларда тартип бузган деген айып таккан. Беларус милициясынын версиясы боюнча, Александров жана Злобина 2020-жылдын август айынан бери Минскиде нааразылык акциясына катышкандарды каржылап, нааразылык иш-чаралардын катышуучуларына салынган айып пулдарды өз эсебинен төлөп турушкан.
Кийин бул айыппулдар үчүн каражат ByHelp фондунан которулганын белгилүү болгон. Фонддун өкүлдөрү “айыппулду төлөп берүү мыйзамга каршы келбесин” билдирген.
“Весна” укук коргоо уюму Андрей Александров жана Ирина Злобинага тагылган айыптарды негизсиз экенин айтып, муну куугунтук катары аташкан.
Беларуста былтыр август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып жатат. Демократиячыл күчтөр нааразылык акцияларды уюштуруп, бийлик аларга каршы басымды күчөткөн. Он миңдеген адам камалып, бир катар оппозициячыл саясатчылар, активисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.
АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрү былтыркы шайлоонун жыйынтыгын жана Александр Лукашенкону мыйзамдуу лидер катары таануудан баш тарткан.