Иранда реформачыл талапкер президенттик жарыштан чыкты
Ошентип, жарышта эми 6 талапкер калды. Байкоочулар шайлоону ашынган консерватор, жогорку лидер аятолла Али Хамененин жакын адамы Эбрахим Раиси жеңет деп болжолдошот.
Мехрализадехтин маалымат катчысы расмий билдирүү 16-июнда кечинде чыгарын айтты.
Коомдук пикирди изилдеген ISPA институтунун маалыматына караганда, мурдагы вице-президент сурамжылоолордо артта баратканын көргөзгөн.
Анын жарыштан чыгышы дагы бир реформачыл талапкер, Борбордук банктын мурдагы жетекчиси Абдолнасыр Хемматинин мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деп күтүлүүдө.
Шайлоого катышабыз деген көптөгөн байистүү жана реформачыл саясатчыларга ат салышуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес.