"Левада": орусиялыктар дос өлкө деп атаган ондукта Кыргызстан бар
Анда Беларусту дос мамлекет деп суралгандардын 58% атады. Биринчи ондукка ошондой эле Армения, Индия, Азербайжан, Кыргызстан, Сирия, Германия жана Куба кирди.
Ал эми дос эмес дегендердин сап башында АКШ жайгашты. Респонденттердин 66% ошентип жооп беришкен. Экинчи орунда Украина, андан кийин Британия турат. Бул тизмедеги ондукта Прибалтика өлкөлөрүн, Польша, Германия, Грузия жана Чехияны көрсө болот.
Социологор белгилешкендей, орусиялыктардын АКШга мамилеси акыркы айларда кескин начарлап кетти. Мартта Американы "жаман" деп атагандар 42% болсо, майда 54% жетти.
Суралгандардын 83% Орусиянын душмандары бар деген жообун узатышкн.
Элдин пикирин 2016-жылдан бери сурамжылап келаткан "Левада-борборун" орус бийлиги "чет өлкөлүк агент" деп тааныган. Уюм буга макул эмес.