Баткенге өзгөчө макам берүү долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Расмий маалыматка ылайык, Баткендеги 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Эгерде Баткенге өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, мындай айыл өкмөттөрдөгү билим берүү, маданий объектилер республикалык бюджеттен түз каржыланат. Аткаруу бийлиги муну менен бир жылдын ичинде 6-8 айыл өкмөтү дотациядан чыгат деп божомолдоп жатат.
28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. 136 үй, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.
Дал ушул окуялардан кийин Баткен облусуна өзгөчө макам берүү демилгеси кайрадан көтөрүлдү.(BTo)