Дин комиссиясы БАЭнин “Хидаят” борбору менен кызматташтыкты талкуулады
Мекеменин маалыматына караганда, “Хидаят” борбору – экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюм.
Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, диний билим берүү, экстремизмди алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу, диний уюмдардын кайрымдуулук иштери тууралуу сөз болуп, тараптар кызматташтыкты өнүктүрүп, чыңдоого ишеним билдиришти.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда жетекчилик соңку жарым жылда үч жолу алмашты. Тойгонбай Абдыкаров директор болуп президенттин жарлыгы менен 3-июнда дайындалган.
Комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде. (RK)