Баренц деңизинде балык улоочу кеме чөктү, 14 киши дайынсыз
Алдын-ала маалыматтарга караганда траулер муз тоңуп калгандыктан чөккөн. Кырсык тууралуу маалымат дүйшөмбү күнү эртең менен түштү. Аман калгандарды издеп куткаруу иштерине төрт кеме тартылды. Аба ырайы авиациянын катышуусуна жолтоо болууда. Тергөө комитети «Суу транспортун пайдаланууда коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Маалыматтарга ылайык, «Онега» 1979-жылдан бери сүзүп жүргөн.
Мындай кырсыктар Орусияда буга чейин да болгон. 2015-жылдын апрелинде Камчаткада бортунда 132 киши бараткан кеме чөккөндө 63ү гана куткарылган.