Чүйдө жол коопсуздугун тейлеген башкармалыктын кызматкерлери кармалды
Маалыматка караганда, жол коопсуздугун тейлеген башкармалыктын кызматкерлери «Актилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда документтерди текшерүү шылтоосу менен туруктуу түрдө эл аралык жүк ташуу менен алектенген автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5000 сомго чейин акча алып турушкан. Бул өткөрмө бекеттен күнүгө 100дөн 200гө чейин автоунаалар өтөт.
24-декабрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен өткөзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын алкагында Чүй милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үч инспектору - «М.Т.М.», «Ш.Р.М.», «А.С.А.» кармалды. Бул коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 25-декабрда башкармалыктын жетекчиси, милициянын полковниги «Б.Ш.И.» да колго түшүрүлдү. (BTo)