Тоолуу Карабактын жикчил жетекчилиги Бакунун билдирүүсүн четке какты
Тоолуу Карабактагы армяндардын армиясы бул кабарды «чагымчыл үгүт» деп четке какты жана ноябрда жетишилген тынчтык келишимин сактап келатышканын билдирди.
Армениянын Коргоо министрлиги буга чейин аймакта кармаш болду деген маалыматты төгүнгө чыгарган.
12-декабрда Тоолуу Карабактын түштүгүндө кармаш тутанганы кабарланып, тараптар бири-бирин тынчтык келишимин бузгандыгы үчүн айыпташкан.
Москванын арачылыгы менен кол коюлган келишим 10-ноябрда күчүнө кирип, алты жумага созулган салгылашууларга чекит койгон. Документке ылайык, азери армиясы кайтарып алган жерлер Бакунун карамагында калат.
Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын бөлүгү деп тааныйт, бирок аймакты армяндар Еревандын колдоосу менен башкарып келатышат.
Аймак үчүн уруш 1994-жылы токтогону менен, ортодогу кагылышуулар маал-маалы менен уланып жатат.