Кыргызстанда парламентаризмди колдоо кыймылы түзүлдү
Президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кыймылдын максаты тууралуу айтып берди:
«Бардык президенттер, саясатчылар бизди алдап келишти. Кыргызстан парламентаризмде жашаган жок. Анын баары жалган сөз болгон. Биз чыныгы парламентаризмди орнотуш үчүн аракет кылалы, иштейли. Анткени дүйнөдөгү өнүгүүнүн жолу - парламентаризм. Адамды сыйлаган, ага кызмат кылган мамлекеттерде парламенттик башкаруу. Ал мамлекеттерде президенттин ролу жокко эсе, премьер-министр башкарат».
Анын сөзү боюнча, парламентаризмди колдоо кыймылы президенттик жана парламенттик системаны жактагандардын ортосунда талкуу өткөрчү аянтча болот.
2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Бүткүл элдик добуш берүүдө жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу формасын колдой турганын, болбосо бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.
Ушул күндөрү Конституциялык кеңешме президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатат. Аны Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. (BTo)