Ооганстанда сенаторлор пара алып жаткан жеринен кармалды
Алар Балхка каржылык кырдаалды текшерүү үчүн барышканы гана айтылды. Чөлкөмдүн губернатору сенаторлор салык мекемесинен пара алып жатканда кармалганын жана Кабулга жиберилгенин маалымдады.
Ооган парламентинин жогорку үйү - Сенат бул кармоо тууралуу кабардар болгонун билдирди. Президент Ашраф Ганинин кеңсеси мамлекет башчынын квотасы менен өткөн эки сенатор орундарынан ажыратылганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна маалымдады. Кабарга караганда, бул окуя - сенаторлордун жемкорлукка шектелип кармалган биринчи учуру болду.
Transparency International эл аралык уюму быйыл жыл башында паракорлук боюнча рейтингде Ооганстанды 180 мамлекеттин арасынан 173-сапка жайгаштырган.