Казакстан вакцинасы коронавирустан 96% коргой турганын билдирди
Клиникалык база катары Алматы менен Тараз шаарларындагы ооруканалар тандалып алынган. Министр 21-декабрда орусиялык вакцина Караганды шаарында өндүрүлө баштаганын кошумчалады. «Азыр анын сапатын текшерүүгө жөнөтүлдү, январь айынын аягына чейин жыйынтыгы колубузга тиет», деди Шоранов.
Буга чейин казак бийлиги калкты жапырт эмдөөгө келерки жылдын башынан тартып киришерин билдирген. Анда препарат адегенде калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө, дарыгерлерге, мугалимдерге жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине сайылары айтылган.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев орус вакцинасын өндүрүш үчүн атайын завод куруларын маалымдаган. Нур-Султан өз вакцинасын март айынан баштап чыгарганы жатат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.