Францияда "Charlie Hebdo" чыгарган карикатураны окуучуларга көрсөткөн мугалим мууздалды
Француз маалымат каражаттары мугалим мууздалып, башы кесилгенин кабарлашты. Кылмышкерди полиция өлтүрдү.
Кол салган адам маркумдун денесинин сүрөтүн "Твиттерге" чыгарган жана кылмыш үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал мугалимди Мухаммед пайгамбарды шылдың кылганы үчүн айыптаган. Анын "Твиттердеги" аккаунту өчүрүлдү.
"Le Monde" басылмасы полиция мугалимди өлтүргөн адамдын тек-жайын тактаганын кабарлады. Ал Москвада төрөлгөн 18 жаштагы чечен тектүү адам экени айтылууда. Башка бир катар маалымат каражаттары да ушундай кабар жазганы менен азырынча расмий тастыкталган жок.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, мугалим окуучуларга сөз эркиндиги темасын талкуулап, аларга пайгамбардын француз басылмаларында чыккан карикатурасын мисал катары көрсөткөн.
Өлкө бийлиги бул кылмашты айыптады. Президент Эммануэл Макрон трагедия болгон жерге 16-октябрда кечинде барды.
"Charlie Hebdo" журналы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарганы үчүн басылманын дарегине такай коркутуулар болуп турат. 2015-жылдын 7-январында журналдын кеңсесине ага-ини Саид жана Шариф Куаши бастырып кирип, 12 адам көз жумган.
"Charlie Hebdo" журналы бул теракттан кийин да бир канча жолу Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарды. Акыркы жолу 2020-жылдын сентябрында, беш жыл мурун басылмага жасалган чабуул боюнча сот башталганда да карикатура жарыялаган.
"Charlie Hebdo" Чеченстандагы кумсаларды басмырлоо темасында Рамзан Кадыровдун элеси менен да карикатура чыгарган.