Бишкектеги башаламандыкта жараат алган 176 милиция ооруканада жатат
17-октябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ооруканадагы күч кызматкерлерине жолугуп, алардын абалы менен таанышты. Аларга материалдык жактан колдоо болорун убада кылды.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКны басып алган.
Милиция менен элдин кагылышуусунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу катуу жараат алып каза болду. Андан тышкары жүздөгөн адамдар ооруканага кайрылган. Көбүнүн көзүнө, башына, денесине желим ок тийген. (BTo)