Абдрахманов: Эски системаны өзгөртмөйүнчө реформа болбойт
«Реформа жасаса болот. Анткени азыр бардык бийлик бир кишиде. Бирок механикалык негизде кызматкердерди кыскартып койгондо эч нерсе өзгөрбөйт. Же «жакшы адамдарды алып келебиз» деген менен абал оңолбойт. Себеби, система эски. Жаңы бийликтин кол алдында реформачыл бир да адам жок. Мен алардын куру сөзүнөн башка реформа тууралуу программасын көрө элекмин. Ошондуктан реформаны жасай алган, жок дегенде аны жазып кеңеш бере турган адамдарды чогултса, мүмкүн өзгөрүүлөр болот. Бирок убактылуу өкмөт үч ай гана иштегендиктен убактысы да жетпейт».
Садыр Жапаров 16-октябрда кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюларын, айрыкча президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында оптималдаштыруу болорун жарыялаган.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Бир жумага созулган нааразылык акцияларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.
Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы убактылуу аткарышы керек. Бирок учурдагы төрага Канатбек Исаев бул кызматты аткаруудан өз каалоосу менен баш тартты.
16-октябрдан тарта президенттин милдетин аткарууга киришкен Садыр Жапаров 6-октябрдагы окуялардан соң тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан. (BTo)