ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөр мунай өндүрүшүн кыскартууну улантышат
Өндүрүштү кыскартуу боюнча келишим мамлекеттер ортосунда апрель айында кабыл алынган. Жаңы келишимге ылайык, ушундай эле чаралар июль айында да уланат.
Карантин чаралары жумшартылып, ишканаларда жумуш жандангандан бери кара майдын баррелинин баасы 40 доллардын тегерегинде кармалууда. Апрель айында баа кескин төмөндөп кеткен эле.
Орусиянын энергетика министри Александр Новай мунай базары “дагы эле туруктуу эмес жана колдоого муктаж» экенин билдирди.
Кошмо Штаттардын энергетика министри Дэн Бруиллетт келишимдин узартылышын кубаттап, бул маанилүү чечим экенин айтты.
Байкоочулардын айтымында, кара май базарынын келечеги бүдөмүк жана Иран менен Нигерия сыяктуу мамлекеттер өндүрүш квотасын ашырып жибериши мүмкүн деген кооптонуу бар.