Бала бакчанын үч кызматкеринен коронавирус табылды
Буга чейин Бишкекте бала бакчалардын ишин жандандыруу үчүн кызматкерлери COVID-19 вирусуна жапырт текшерилери кабарланган. Мындай текшерүүлөр бала бакчалардын менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт.
Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт. (TSh)