Бурятияда коронавирус менен ооругандар даттанышты
Бурятиянын Саламаттык сактоо министрлиги оорукана 1940-жылы курулганын, канализация түтүгү жакшы иштебей турганын билдирди.
«Ар бир бейтаптын өзүнүн чакасы бар. Ал атайын көшөгө менен бөлүнүп турат”,-деди мекеменин өкүлү.
Орусиянын Бурятия аймагында 1833 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Жалпы Орусияда инфекцияга кабылгандардын саны 460 миңге чамалап калды.