Саламаттык сактоо министрлигинин беш кызматкеринен коронавирус аныкталды
Министрликтин имаратында эпидемияга каршы тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Отуздан ашык кызматкер обсервация шартында иштеп жатат.
7-июнга карата алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, эки медкызматкер айыгып чыкты.
Республика боюнча COVID-19 395 медициналык кызматкерден аныкталып, алардын ичинен 275и сакайып чыкты. Эки дарыгер кайтыш болду. (TSh)