Отунбаев АКШ президентинин жардамчысынын орун басары менен виза маселесин талкуулады
Тышкы саясат мекемесинин кабарлашынча, Лиза Кертис АКШнын иммиграциялык визалар берүүсүн чектеген өлкөлөрдүн катарынан Кыргызстанды чыгаруу боюнча бирге ишти алып барууга даярдыгын билдирген. Тараптар маселени чечүү жолдорун талкуулашты.
31-январда АКШда президент Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген. (TSh)