МКК: 2021-жылдан баштап биометрикалык паспорт бериле баштайт
«Тендердин чатак иши токтоду. Азыр жолдорун издеп жатабыз. Биздин план боюнча 2020-жылдын аягында же 2021-жылдын башында биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Андан кийин паспортту өзүбүздө басып чыгаруу ишин баштайбыз», - деди ал.
Мамбетов 3-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолугуп, паспорт маселесин талкуулаган. Анда кыргыз тарап паспорт боюнча өзүнүн жүйөсүн түшүндүргөн.
Биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Ал тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон.
31-январда АКШда президент Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизди. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу бул чечим коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынганын айткан.